Марал Радиосу

Биометрикасы жок мигранттардын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынат

Орусия бийлиги өлкөгө келген ар бир мигрант тууралуу бардык маалыматка, анын ичинде биометрикалык маалыматка да ээ болушу керек. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдирди.

«Биз өлкөбүзгө ким, канча убакытта жана кандай максатта киргенин так билишибиз керек. Мындан тышкары ар бир мигранттын бардык керектүү биометрикалык маалыматы болсун. Болбосо өлкөгө кирүүгө тыюу салынат. Орусиядагы мигранттардын саны, алардын кесиби, өмүр баяны жана башка жеке маалыматтары боюнча ишенимдүү жана толук статистика жок. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, өзгөчө Орусия үчүн бул маалыматтар чоң мааниге ээ. Буга байланыштуу маалыматтарды мекемелер аралык эффективдүү алмашууну жолго коюу зарыл», — деди ал.

Өткөн жылдын соңунда Орусияга узак мөөнөткө келген чет элдиктер, эмгек мигранттары биометрикалык маалымат берүүгө, анын ичинде манжа изин тапшырууга, сүрөткө түшүүгө жана медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирген. Орусияга кирген күндөн тартып 30 күндөн 90 күнгө чейин жогорудагы процедуралардан өтүшү керек.

Медведев Орусия «душмандык аракеттерге», мыйзамсыз миграцияга каршы туруу, экстремизмди жана кылмышты болтурбоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.