Марал Радиосу

«Ташкент-Бишкек» автобус каттамы менен биринчи жүргүнчүлөр келди

Кайра жанданган «Бишкек-Ташкент»  автобус каттамы менен 17 адам келди. Бул тууралуу «Кыргыз Автобекети» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Алмазбек Байсопуев билдирди.

Автобус Бишкектен Ташкентке күнүнө эки жолу: саат 16:50дө жана саат 23:30да жолго чыгат. Билет баасы: 2000 сом, балдар билети 1000 сом. ПЧР тестинин же эмдөө сертификатынын болушу шарт.

Эске салсак, «Ташкент-Бишкек» эл аралык автобус каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган болчу.