Марал Радиосу

Бүгүн «Тазалыктын» жумушчулары ишке чыгышты

Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте «Тазалык» муниципалдык мекемесинин жумушчулары ишке чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн эртең менен алар борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугуп, талаптарын айтышкан.

Кечээ «Тазалыктын» жумушчулары митингге чыгышып, ишканасынын жетекчиси алмашкан. «Тазалыкка» жаңы директор болуп Султан Алыбаев келген.

Буга чейин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жетекчилердин тез-тез алмашышынан айлыктары кечигип, унаа оңдоого акча бөлүнбөй жатканын айтып иш ташташкан.