Марал Радиосу

Энергетика тармагы: Күтүүлөр жана пландар

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы энергетика тармагындагы акыркы кырдаал боюнча министрликтин маалыматын укту. Жыйында депутаттар Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү, энергетикага болгон тарифтер, коррупциялык системалар, тармакты реформалоо жана модернизациялоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле энергиянын атаандаш булактарын издөө боюнча сунуштарды беришти. Энегетика тармагындагы абалга алдыда кененирээк токтолобуз. 

Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаттары бүгүн энергетика тармагындагы акыркы кырдаал боюнча министрликтин маалыматын угушту. Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышы циклдик мүнөздө болуп, 5 жылда бир кайталанып турарын билдирди.

Жылытуу мезгили башталганга чейин Токтогул суу сактагычы болжол менен 12,3 млрд кубометрди түзсө, кыш мезгилинен кийин 8,1 млрд кубометрди түздү.

Тилек Айталиев билдиргендей, учурда Кыргызстандын энергетикасында абал туруктуу. Системалык өчүрүүлөр жок.

«Энергетика министрлиги Түркмөнстандан быйыл да электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Учурда Кыргызстандын энергетика тармагында абал туруктуу. Системалык өчүрүүлөр жок. Ошондой эле өлкө боюнча ремонт иштери башталган, оңдоо күндүз жүргүзүлүп, калкка ыңгайсыздык жараткан жок».

Талкууда депутат Айбек Маткеримов жаңы конуштарга электр тартууда көйгөй көп экенин белгиледи.

«Жаңы чектерге курулган үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо иши кимге жүктөлгөн? Айыл өкмөт башчыларынабы же Энергетика министрлигинеби? Жергиликтүү бийлик кандай иштерди аткарышы керек? Азыр кайсы жерге барба, ушул даттануулар. Айыл өкмөттөр силерге, силер аларга түртөсүңөр. Азыр жаңы конуштарда эл өздөрү жыгачтарды коюп, зымдарды тартып алып жашап жатышат».

Энергетика министрлигинин өкүлү мыйзам боюнча бул маселеге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу экенин айтты. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча жаңы конуштарга электр мамычаларын жана зымдарын орнотууга бир млрд сомдон ашык суммада каражат талап кылынат.

Энергетика министринин айтымында, быйыл республиканын электр энергиясына болгон муктаждыгы болжол менен 16 млрд кВт саат болду. Анын 2,2 млрд кВт саатын ЖЭБдерден, 12,7 млрд кВт саатын ГЭСтерден алынган, ал эми 2 млрд кВт сааттын коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан импорттолгон энергия түзгөн.

Депутат Алишер Козуев чакан ГЭСке өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, ата мекендик ишкерлерди колдоо зарылдыгын эскертти.

Тилек Айталиев чакан ГЭСтер жаатында аткарылып жаткан иштер боюнча буларга токтолду:

«Учурда Энергетика министрлиги энергиянын кайра жаралуу реестерине киргизүү боюнча 136 күбөлүк берди. Алардын ичинен 6 компания курулуш иштерин туруктуу жүргүзүп жатат. Чакан ГЭС куруу боюнча Министрлер кабинети план түзгөн. Ага ылайык, быйыл 50 долбоорду ишке ашыруу керек».

Эл өкүлү Айбек Алтынбеков Энергетика тармагын жетектегендердин баары байып кетише турганын белгилеп, тармактын өнүкпөй жатканына кейиди.

«Кыргызстан эгемендик алганда эле Энергетика министрлиги болгон. Убагында энергетика министри болгондун баары азыр миллионер жана миллиардер. Туурабы? Каяктан байыйт алар? Ошол элдин акчасынан уурдаганы үчүн бай болгон да. Ошондон улам энергетика тармагы бүгүнкүдөй абалга келди да. Сиз да азыр ошону колдоп жатасыз. Анан дотация болуп жатат. Мамлекеттен ссуда, насыяларды алып жатасыңар. Энергетика министрлиги бюджетти түзө турган министрлик болушу керек». 

Энергетика министрлигинин өткөн жылга карата кирешеси 23 млрд сом болсо, чыгашасы 29 млрд сом болуп, ортодогу тартыштык 5 млрд сомдон ашкан. Каржы министрлиги менен чогуу иштелип, жетпеген сумма бюджеттик насыя алуу менен жабылган.

Тилек Айталиев энергетика тармагындагы коррупциялык системалар боюнча Башкы прокуратура иш алып барып жатканын белгилеп, комментарий берүүдөн баш тартты.

«Энергетика министрлигин кайра жандандыруу эң туура чечим болду деп эсептейм. Азыр жалпы мекендештерибиздин ишенимин кайра кайтаруу аракетинин үстүндө жүрүп жатабыз. Мурда бизге өндүрүш тармагын жана жер казынасын да кошуп коюшкан болчу, өткөн жылдын ноябрь айынан баштап жалгыз энергетика тармагы боюнча иштеп жатабыз. Ошол убактан бери реформаларга, оптималдаштырууга жана сууну үнөмдөөгө бардык».

Ал эми депутат Эльдар Сулайманов энергиянын кошумча булактарын издөө керектигин белгилеп, энергетика системасын өнүктүрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгууну сунуштады.

«Акыркы мезгилде климат тез өзгөрүп, анын кесепетинен мөңгүлөр жок болуп жатат. Бул көйгөй бир эле Кыргызстанды эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн ойлондурууда. Илимий изилдөөлөрдүн маалыматына таянсак, жыл өткөн сайын суу ресурсу азайып жатат. Жетиштүү суу болбосо, электр энергиясын өндүрүү мүмкүн эмес. Мындан улам Чакан ГЭСтер түзүлгөн кырдаалдан чыгарат дегенге кепилдик жок. Андыктан кошумча энергия булактарын караштырганга убакыт келди».

Бүгүнкү күндө өлкөдө электр энергиясын жети ГЭС жана эки ЖЭБ берет. Булардын ичинен ГЭСтер 3030 мВт кубаттуулуктагы энергия өндүрсө, Бишкек жана Ош жылуулук борборлору кубаттуулугу 710 мВттын тегерегиндеги электр жарыгын чыгарат.

Exit mobile version