Марал Радиосу

«Эл каттоочуларды «агент, ууру» деп, шек санагандар да болду»

Кыргызстанда 25-марттан 3-апрелге чейин эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүнүн биринчи этабы өткөрүлдү.

Аталган кампания башталганда маалымат жетишсиз болуп, түшүндүрүү иштери майнаптуу жүрбөй калганына байланыштуу эл туура эмес кабыл алып, нааразылыктар, кыжырдануу күч алган. Бул тууралуу эл каттоочулардын координатору Жылдыз Жаныбекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кампания башталардан 1-2 ай мурун ооруканаларда, базарларда, эл көп жүргөн жерлерде маалымат берилип, алдын ала түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлсө, эл да, каттоочулар да кыйын абалга туш болбойт болчу.

«Биринчи 3-4 күн эл эмне болуп жатканын түшүнбөй, кээ бири кыжырданса, кээ бири таң калды. Ал тургай, каттоочуларды шпион, ууру катары көргөн учурлар кездешти. «А эмнеге мынча көп суроо? Мынча маалыматты эмне кыласың?  Компьютеримдин, ноутбугумдун сага эмне кереги бар? Үйдүн аянтын, билимимди, иштеген жеримди эмнеге сурап жатасың?» деген сыяктуу толгон-токой суроо бергендер, шектүү карагандар, жооп бергиси келбегендер да болду. Албетте, түшүнүү менен мамиле кылып, суроолорго тынч жооп бергендер да болду. Бирок көйгөйлүү аймак көбүрөөк болду. Каттоочуну түртүп, эшикти жаап алгандар, дарегине жаман, ыплас сөз айткандар, ашата сөккөндөр да болбой койгон жок», — дейт ал.

Ушундай көйгөйлүү аймактарды таштап салбай, координаторлор каттоочулар менен чогуу барып, түшүнүдүрүү иштерин жүргүзүп, акыры каттоого алынганын кошумчалады Жаныбекова.

Exit mobile version