Марал Радиосу

221 млн сомго ККМ аппарат сатып алуу пландалууда

Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл-кассалык машина (ККМ) сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыгарылган тендердин баштапкы суммасы 221 млн сом деп белгиленген. Ага 10 миң аппарат алынууга тийиш.

Сынак жарыялаган мекеме бардык банктын төлөм карталарынан акча өткөрүп ала турган гибриддик ККМ (POS-терминал), кассалык аппарат, инвентаризациялоо тутумун сатып алууну көздөп жатышканын билдирди.

Аппараттарды төрт айдын ичинде бөлүп жеткирүү пландалууда. Төлөм ар бир аппарат жеткирилгенден кийин жүргүзүлөт.

Exit mobile version