Марал Радиосу

Кыргызстанда дары-дармек 20%га чейин кымбаттады

Кыргызстанда акыркы бир айда дары-дармектин баасы 5%дан 20%га чейин кымбаттады. Баалар дагы көтөрүлүп кетиши ыктымал. Бул тууралуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, азыр Орусия өз баасын карап жатат, дары-дармек чыгаруучулар да баасын көтөрүштү.

«Ошондой эле Украинадагы жана бүткүл дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен логистикалык чыгымдар өсүүдө. Дары-дармектин кымбатташы 40% болот деген прогноз бар. Бирок курстун олку-солкулугун эске алганда, бир нерсени алдын ала айтуу кыйын», — деп кошумчалады ал.

Exit mobile version