14-апрелге карата доллардын курсу 84 сомдон болууда.
Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктары долларды 83-84 сомдон сатып алып, 84-84,5 сомдон сатууда. Кечээ түштөн кийин 1,5-2 сомго, ал эми апта башынан бери 4 сомго арзандады.
Расмий курс Улуттук банк тарабынан 83,50 сом деп белгиленген.
Апта башынан бери евронун курсу 3 сомго арзандап, 95,5 сомдон 92,5 сомго түштү.
Ал эми орус рублин сатып алуу курсу кайрадан 1 сомдон төмөн болду. Учурда рубль 0,9-0,95 сомдон сатып алынып, 1,03-1,05 сомдон сатылууда. Расмий курс 0,98 сом.