Марал Радиосу

Руслан Акматалиев «Асман» шаарын куруу боюнча дирекцияны башкарат

Руслан Акматалиев «Асман» экологиялык шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору буга чейин ишкер Тимур Файзиев болчу, ал кызматтан алынды.

2021-жылдын июль айында кыргыз бийлиги 4 миң гектар жерди ээлеген, «Асман» деп аталган экологиялык шаар куруу планын жарыялаган. Бул шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болору айтылган.

Демилгечилер шаар салууну 20 миллиард долларга баалаган. Долбоор боюнча курулуш 7-10 жылда аякташы керек.

«Асман шаары» мамлекеттик дирекциясы экология, электр энергиясы, Күн батереясы, андагы тургундарды жумуш менен камсыздоо сыяктуу маселелер каралып жатканын, документ иштери аяктаары менен курулуш башталарын айтышкан.