Марал Радиосу

Бишкек: 17-апрелден тарта Интергельпо көчөсү жабык болот

Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсү 17-апрелден тарта оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Интергельпонун Кең-Суу көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөлөт. Ага каражат «Бишкек жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытайдан келген гранттан жумшалат.

Ушул жолдо жүргөн айдоочулардын маршруттук тилкеси убактылуу Пишпек, Фучик көчөлөрүнө которулат.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жол оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле жасоого чакырып, каттамдарын алдын ала пландаштырып алууну суранат.