Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдардын тургундары эвакуцияланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары унаалары менен өз алдынча коопсуз жайларга чыгып кетип жатышат.
Чек ара кызматы абал курч бойдон экенин маалымдаган. Азыркы тапта Лейлек районундагы Достук айылында жана Баткен районундагы Радар-1 тилкесинде да атышуу токтогон.