Марал Радиосу

Азамат Кадыралиев президенттин протокол кызматынын жетекчиси болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Азамат Кадыралиев президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Азамат Кадыралиев буга чейин Кыргызстандын Франциядагы элчилигинде кеңешчи, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинде сапарлар бөлүмүнүн башчысы, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин директору болуп иштеген.

Exit mobile version