Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен кабарлашты.
Бириккен күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка караганда, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт.
Кыз-келиндер курама командасы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат. Алар:
- Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;
- Мээрим Жуманазарова, 68 кг;
- Айпери Медет кызы, 76 кг.
Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында грек-рим боюнча курама командасы төмөнкү курамда катышат:
- Балбай Дордоков, 55 кг;
- Жоламан Шаршенбеков, 60 кг;
- Тынар Шаршенбеков, 63 кг;
- Элдияр Сатаров, 67 кг;
- Адилхан Нурланбеков, 72 кг;
- Акжол Махмудов, 77 кг;
- Калидин Асыкеев, 82 кг;
- Мелис Айтбеков, 87 кг;
- Үзүр Жузупбеков, 97 кг;
- Роман Ким, 130 кг.
Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Таабалды Сүймөнкул уулу жана башкы машыктыруучу Русланбек Мажиновдун жетекчилиги алдында чемпионатка катышат.
Балбандардын тизмеси:
- Алмаз Сманбеков, 57 кг;
- Улукбек Жолдошбеков, 61 кг;
- Алибек Осмонов, 65 кг;
- Эрназар Акматалиев, 70 кг;
- Ислам Орозбеков, 74 кг;
- Арсалан Будажапов, 79 кг;
- Саякбай Усупов, 86 кг;
- Мирлан Чыныбеков, 92 кг;
- Айбек Токтогул уулу, 65 кг (резерв)
- Орозбек Токтомамбетов, 70 кг (резерв).