Марал Радиосу

Кыргызстандын балбандары Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен кабарлашты.

Бириккен күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка караганда, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт.

Кыз-келиндер курама командасы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат. Алар:

  1. Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;
  2. Мээрим Жуманазарова, 68 кг;
  3. Айпери Медет кызы, 76 кг.

Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында грек-рим боюнча курама командасы төмөнкү курамда катышат:

  1. Балбай Дордоков, 55 кг;
  2. Жоламан Шаршенбеков, 60 кг;
  3. Тынар Шаршенбеков, 63 кг;
  4. Элдияр Сатаров, 67 кг;
  5. Адилхан Нурланбеков, 72 кг;
  6. Акжол Махмудов, 77 кг;
  7. Калидин Асыкеев, 82 кг;
  8. Мелис Айтбеков, 87 кг;
  9. Үзүр Жузупбеков, 97 кг;
  10. Роман Ким, 130 кг.

Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Таабалды Сүймөнкул уулу жана башкы машыктыруучу Русланбек Мажиновдун жетекчилиги алдында чемпионатка катышат.

Балбандардын тизмеси:

  1. Алмаз Сманбеков, 57 кг;
  2. Улукбек Жолдошбеков, 61 кг;
  3. Алибек Осмонов, 65 кг;
  4. Эрназар Акматалиев, 70 кг;
  5. Ислам Орозбеков, 74 кг;
  6. Арсалан Будажапов, 79 кг;
  7. Саякбай Усупов, 86 кг;
  8. Мирлан Чыныбеков, 92 кг;
  9. Айбек Токтогул уулу, 65 кг (резерв)
  10. Орозбек Токтомамбетов, 70 кг (резерв).