12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күңдүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +21…+23 градус болот.