Кыргызстанда акыркы бир жумада 18 миң 702 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы жумада ылдамдыктан ашкан 4 миңге чукул учур, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган 7 миңге жакын учур катталды.
Мындан тышкары жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 6 миңден ашык, мас абалында унаа айдаган 90дон ашык учур белгилүү болду. Айып төлөп токтотуучу жайга 700гө жакын унаа киргизилди.