Марал Радиосу

Бир жумада 90дон ашык адам мас абалында унаа башкарган

Кыргызстанда акыркы бир жумада 18 миң 702 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан  билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы жумада ылдамдыктан ашкан 4 миңге чукул учур,  транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган 7 миңге жакын учур катталды.

Мындан тышкары жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 6 миңден ашык, мас абалында унаа айдаган 90дон ашык учур белгилүү болду. Айып төлөп токтотуучу жайга 700гө жакын унаа киргизилди.