Марал Радиосу

Президент жерлерди мыйзамсыз басып алуу боюнча жаңы жарлыкка кол койду

Красноярск

Садыр Жапаров “Жерди мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

«Мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жер участокторун, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди өз алдынча басып алуу, ошондой эле аларга бөлүнгөн жер участокторун өз алдынча көбөйтүү практикасы уланууда. Көчөлөрдүн, жашыл аянтчалардын, ага чектеш аймактарды уюмдар, мекемелер жана ишканалар тарабынан жерди өз алдынча басып алуулар бар.

Жер участогун өз алдынча басып алуунун кеңири таралган учурлары болуп менчик ээсинин же ижарачынын өз участогунун тосмосун негизсиз, өзүм билемдик менен алып салуу жолу менен жер тилкесинин чектерин кеңейтүүгө багытталган, укук белгилөөчү документтерде белгиленген мыйзамдуу чегинен чыгууга багытталган аракеттери саналат.

Ошондой эле жер, жалпы пайдалануудагы жерлерге же көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлерине таандык жер участокторуна мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларды (паркингдерди) уюштуруу, гараждарды, күркөлөрдү, (стационардык эмес объекттерди) жайгаштыруу, тосмолор ж.б.кирет», — деп түшүндүрдү президенттик администрациясы.

Кырызстандын аймагында жерди өз алдынча басып алууну болтурбоо жана бөгөт коюу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жерди жаратылыш объектиси, кыргыз элинин жашоосунун, өнүгүшүнүн жана ишинин негизи катары сактоо, ошондой эле жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 66, 71-статьяларына ылайык токтом кылат:

1. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары укук коргоо органдары жер жана суу мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө ошондой эле көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте:

2. Ички иштер министрлиги:

3. Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык бөлүнгөн же бекитилип берилген жер участогун жарандар же юридикалык жактар ​​тарабынан өз алдынча кеңейтүү фактыларын тез арада карап чыксын.