Марал Радиосу

Бажы кызматы былтыр төлөмдөрдү 1,4 млрд сомго аз жыйнаган

Бажы кызматы 2021-жылы планды 96,9 пайызга аткарып, 1 млрд. 498 млн. сом аз жыйнады. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Былтыркы жылдагы пландан артта калуунун негизги себеби январь-апрель айларындагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу импорттун кыскарышы себеп экени айтылды.

Бажы кызматы 2021-жылы жалпысынан 46 млрд. 886,5 млн. сом жыйнаган.

Ал эми 2022-жылы Бажы кызматы 98,5 млрд. сом жыйнашы керек.

Ошондой эле буга чейин пандемиядан улам киргизилген чектөөгө байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар ташуу үзгүлтүккө учурап, кескин кыскарды.