Марал Радиосу

Бейшеналиев Эрнст Акрамов менен көчөт отургузууга катышты

Бүгүн, 9-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев профессор Эрнст Акрамов менен бирге Чүй облустук бириккен ооруканасына көчөт отургузууга катышты.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата республиканын саламаттыкты сактоо уюмдары өз аймактарын жашылдандырып жатат.

Эрнст Акрамов жана министр биргеликте балаты отургузушту, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагынын иши, өнүгүүсү тууралуу сөз кылышты.

Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында ишембилик өтүүдө.