Марал Радиосу

Акыркы суткада бир адамдан коронавирус аныкталды

9-апрелге карата өлкөдө СOVID-19 вирусунун жаңы 1 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы учур Бишкек шаарында катталып, жалпысынан 200 миң 970 гана учур катталган.

Бишкекте бир суткада 5 бейтап коронавирустан айыкса, жалпысынан 196 миң 293 бейтап айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери 2 миң 991 адам каза болгон.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 83 бейтап стационардык, ал эми 14 бейтап амбулатордук шартта  дарыланууда.

Exit mobile version