Марал Радиосу

Болотбек Борбиев Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулу болду 

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Болотбек Борбиев Америка Кошмо штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

Болотбек Борбиев 1967-жылы, 24-апрелде Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбө айылында туулган. Ал буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри, Бишкек шаардык жол коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.