Марал Радиосу

Таласта жай тургунду нашаа сатууга мажбурлаган милиционер кармалды (видео)

Талас шаарында «жай тургунду баңгизат сатууга мажбурлады» деген шек менен милиция кызматкери, капитан Н. уулу У. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Кылмышка шектелип жаткан адам Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн мыйзамсыз миграция жана экстремизм менен күрөшүү бөлүмүндө эмгектенет. Ал шаар тургунун «кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуп, марихуана сатууга мажбурлаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен иш козголуп, шектүүнү колго түшүрүү операциясы жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында капитан Н. уулу У. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.