Марал Радиосу

Жапаров жакында ишке аша турган энерго-долбоорлорду атады

2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВт ашуун гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныкталды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын трансформациялоо» форумунда билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жакын арада Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Суу сактагычтын көлөмү дагы 6 млрд кубометрге чейин көбөйөт. Токтогул ГЭСине салыштырмалуу Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын 1,5 эсе көп өндүрөт.

Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталып, анын курулушуна бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк тобу менен Ысык-Көл облусунда болжолдуу түрдө кубаттуулугу 100 МВт келген пилоттук күн долбоорун биргелешип ишке ашыруу пландалууда.

«Өлкөбүздүн гидроэнергетикалык дараметинин 70%га жакыны ишке ашырылбай турат. Бул потенциалды өздөштүрүү максатында 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВттан ашык гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлор аныкталган», — деди Акылбек Жапаров.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, стратегиянын долбоорунда сунушталган реформаларды жана артыкчылыктуу инвестицияларды ишке ашыруу үчүн 2030-жылга чейин болжол менен 14 млрд доллар талап кылынат.

Акылбек Жапаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана инвесторлорду Министрлер кабинетинин пландарын биргелешип ишке ашырууга чакырып, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө толук даяр экенин белгиледи.

Ал 2026-жылга карата 100 мВт кичи жана орто ГЭС, анын ичинде «Жашыл миллиард» программасы боюнча 1 млрд кВтс энергия,  2030-жылга карата 700 МВт чейин күн долбоорлору ишке киргизилерин айтты.

Энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергиянын натыйжалуулугу чөйрөсүндө кеминде 5000 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Exit mobile version