Марал Радиосу

Азия Кубогу: Кыргызстандын дзюдочу кыздары 3 медаль алды

Ташкент шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия Кубогунун биринчи күнүндө Кыргызстандын спортчулары 3 медаль утту.

57 кг  салмак ченинде Жанар Жолдошева жана 63 кг салмакта Ажар Исаева финалга чыгып, күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми 63 кг салмакта Мырзайым Дүйшөнбекова 3-орунду ээлеп, коло байге алды.

Бүгүн, 8-апрелде эркектер арасында финалдык беттештер болот.