Марал Радиосу

Бишкекте Азия чемпионатынын тандоо туру башталды

10-апрелде Бишкекте футзал боюнча Борбордук жана Түштүк аймактардын командалары арасында Азия чемпионатынын тандоо туру башталат.

Кувейтте өтө турган Азия чемпионатынын финалдык туруна 2 тайпага бөлүнгөн 8 команда быйыл күзүндө 4 жолдомо үчүн күрөшөт. Кыргызстандын курама командасы Иран, Түркмөнстан жана Мальдив аралдарынын командалары менен «А» тайпасына кирди.