Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Чүй жана Бишкекте катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

Сак болуңуздар!