Кыргызстанда эртен, 8-апрелде жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Бишкекте күн ачык болот. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус болот.