Марал Радиосу

Баткенде аткезчилик жол менен эгин ташыгандар кармалды

Баткен облусунда эгинди аткезчилик жол менен ташып келаткан жаткан эки жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары Өзбекстандын Шахимардан анклавынан келатканда колго түшкөн.

Унаасын текшерүүгө алганда эч кандай уруксат кагазы жок, мыйзамсыз ташылган эгин табылган.

Унаалар убактылуу кармоочу жайга токтотулу.