Марал Радиосу

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта эки киши каза болду

Кыргыз-өзбек чек арасында куралдуу чыр-чатак болуп, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

5-апрелде Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстан чек арачыларынын ортосунда чатак болгон. Анын натыйжасында Кыргызстандын Чек ара кызматы аткез жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча иштерин жүргүзүп жатат.

Чырдын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жарандарынын аты-жөнү:

-О.Б.Т.угли, 1984-жылы туулган, Аксы районунун Дейрес айылынын тургуну;

-О.С.Т., 1991-жылы туулган, Аксы районунун Дейрес айылынын тургуну.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык, маркумдардын сөөгү кыргыз тарапка 5-апрель саат 23:46да «Маданият» чек ара пункту аркылуу өткөрүлүп берилди.

Учурда чек арада абал тынч экени айтылды.

Exit mobile version