Марал Радиосу

Тлеуберди: Казакстан Донбасс аймактарынын эгемендигин тааныбайт

Казакстан Украинанын чыгышында пайда болгон аймактардын эгемендигин тааныбайт. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди билдирди.

Ал Казакстан  президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Тимур Сулейменовдун Euractiv басылмасына берген маеги боюнча жооп кайтарды.

«Тимур Сулейменовдун сөзүн Казакстандын расмий позициясы катары кароого болобу?» — деген суроого Тышкы иштер министри: «Ал чет элдик басылманын журналистинин суранычы менен маек берген. Биз Луганск эл республикасын да, Донецк эл республикасын да тааныбайбыз», — деп жооп берген.

Сулейменов 29-мартта Euractiv басылмасына Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтай турганын, өлкөсү Крымды, Украинанын чыгышындагы өздөрүн «ДЭР» жана «ЛЭР» деп атаган аймактардын көз карандысыздыгын тааныбай турганын айткан.