Марал Радиосу

Бишкекте айдоочуларга 5 млн, жөө жүргөндөргө 1,9 млн сом айып салынды

Бишкек шаарынын Патрулдук милициясы «Жөө жүрүүчү» аталышындагы рейд өткөрдү. Анын алкагында айдоочуларга 5 млн сом, жөө адамдарга 1,9 млн айып салынды.

Жыл башынан бери 209дан ашык жөө адам кырсыкка кабылып, 212ден ашык адам ар кандай жаракат алган.

Буга чейин да көчөдө жөө жүргөндөргө рейд жүргүзүлүп, жалпысынан 3646 эреже бузуу аныкталган.

Маалым болгондой, алардын ичинен 1 миң 669 айдоочуга 5 миллион 7 миң сом, ал эми белгиленбеген жерден көчөнү кесип өткөн 1 миң 977 жөө адамга 1 миллион 977 миң сом айып салынган.

Exit mobile version