Марал Радиосу

Футзал: Кыргызстан Тажикстанды 6:5 эсебинде утуп алды

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы жолдоштук беттеште Тажикстандын курама командасын 6:5 эсебинде утуп алды.

Оюн 4-апрель күнү Чолпон-Ата шаарындагы ФОК аянтында өттү.

Кыргызстандын курама командасы 8-мүнөттө эле биринчи болуп гол өткөрүп жиберсе, андан кийин эле  катары менен 4 гол киргизди.

Беттештин акыркы эсеби 6:5 Кыргызстандын курама командасынын пайдасына аяктады.

Ал эми 10-апрелде Бишкекте 8 команданын катышуусунда футзал боюнча Азия кубогунун тандоо туру башталат.