Марал Радиосу

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө эгин сатууга болгон чектөөнү алып салды

Орусия өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө эгин экспорттоого киргизилген чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматта буудай, меслин, кара буудай, арпа, жүгөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына мурунку тартипте эле сатыла берери айтылат.

Эске салсак, 14-мартта Орусия Өкмөтү азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында ЕАЭБ өлкөлөрүнө эгин экспорттоого 30-июнга чейин тыюу салган болчу. Чектөөнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга эмне себеп болгону ачык айтылган жок.