Марал Радиосу

Ысык-Көл: Түп районундагы 50 гектар жер мамлекетке алынды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы менчикке өтүп кеткен айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын  басма сөз кызматы билдирди.

Түп райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө акимдин токтому менен жалпы 49,8 гектар жер 3 дыйкан чарбага менчикке берилип кеткени аныкталган.

Бул боюнча прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, натыйжада алар арызды толук канааттандырган.

Айыл өкмөт башчысына коюлган прокурордук талаптын негизинде 17 млн 688 миң сомго бааланган 49,8 жер мамлекетке кайра кайтарылган.