Марал Радиосу

Орусия 52 өлкө менен аба каттамдарын жандантат

Орусия 9-апрелден тарта бир катар өлкөлөр менен аба каттамдарын кайра жандантат. Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин авиация тармагы боюнча жарандар күтүп жаткан тиешелүү документке кол койгонун айткан.

«Ооруга чалдыккандардын деңгээли төмөндөөдө, демек, орусиялык авиакомпаниялардын багыттарын көбөйтүүсүнө убакыт келди. Эми алар 15 штатка чектөөсүз уча алышат. Азыр биз 52 өлкө менен аба каттамын жандандыруу алдында турабыз», — деген өкмөт башчы.

Эске салсак, Орусия 2020-жылдын 27-мартынан тарта пандемияга байланыштуу башка мамлекеттер менен үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды токтоткон.

Орусия ушул жылдын 9-мартында Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Иран менен болгон аба каттамдарын толук ачып, чектөөлөрдү алып салган.