Марал Радиосу

УКМК: Милициянын подполковниги баңгизат сатууга шектелип кармалды

УКМК кызматкерлери тарабынан баңгизатын мыйзамсыз ташуу, сатууга бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн текшерүү учурунда Ош шаарынын эки милиция кызматкери кармалды.

1-апрелден 2-апрелге караган түнү, саат 3:15 чамасында 894 грамм салмактагы баңгизатты таркатып жаткан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмышкерлер менен күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси, подполковник А.У.К. жана Ош кайгуул кызматынын кенже инспектору, старшина Т. уулу А. колго түшкөн.

Бул факты бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен катталып, учурда камакка алынгандарды тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version