Марал Радиосу

Жапаров Нурил Алымбаевди эмгек жамаатына тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жамаатына жаңы дайындалган жетекчи Нурил Алымбаевди тааныштырды.

Акылбек Жапаров тааныштыруу учурунда жетекчинин алдында көлөмдүү жана түйшүктүү иштер турганын белгиледи.

«Чүй облусунун жаңы жетекчисинин алдында Президенттин жарлыктарын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин мындан ары ишке ашыруу боюнча көлөмдүү жана түйшүктүү иштер турат. Райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдар керек. Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коюлган милдеттерди аткаруусу үчүн бардык ыйгарым укуктар берилген», — деп белгиледи ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын ортосундагы түз байланышты жөнгө салуунун маанилүү экенин айтты.

Exit mobile version