Марал Радиосу

4-апрелге карата доллардын курсу 3 сомго кымбаттады

Бүгүн, 4-апрелде доллардын сомго карата курсу өткөн аптага салыштырмалуу 3 сомго жогорулады.

Учурда коммерциялык банктарда доллар 83,5-84,5 сомдон сатып алынып, 85,5 сомдон сатылып жатат.

Ошондой эле евронун курсу да өсүп, сатып алуу 93 сомду жана сатуу баасы 95 сомду түздү. Ал эми орус рублинин курсу 0,930 сатылып алынып, 0,970 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын койгон баасы боюнча доллар 81,5сом, евро 90,17 сом, 0,980 сом түзүүдө.

Exit mobile version