Марал Радиосу

Прокуратура: Баткенде мыйзамсыз берилип кеткен жерлер кайтарылды

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын мэриясы мыйзамсыз берген 5,15 гектар жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прократуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүдө Баткен шаарынын мэриясынын 2005-жылдагы токтому менен К.С. жана К.А. аттуу жарандарга жалпы 5,15 гектар муниципалдык жер тилкелер мыйзамсыз менчикке берилгени аныкталган.

Прокуратура тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылган.

Аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу максатында Баткен шаардык мэриясына прокурордук талап келтирилип, 2 млн 900 миң сомдук жер тилкелер мэриянын балансына кабыл алынды.