Марал Радиосу

Нурил Алымбаев Чүй облусунун жетекчиси кызматына дайындалды

Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна  Нурил Алымбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Нурил Алымбаев буга чейин президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп турган.

Ал эми Эркин Тентишев бул кызматка 2021-жылдын март айында ошол кездеги премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен келген.

 

Exit mobile version