Марал Радиосу

Алмазбек Атамбаев сот залына алып келинди (видео)

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Анда 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу иш каралып жатат.

Буга чейин Атамбаевди отурумга күч менен алып келүү чечими чыккан.

Октябрь окуялары боюнча Алмазбек Атамбаевден тышкары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча иш козголгон.

Сот отуруму башталганга чейин мурдагы президент журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал учурдагы бийлик, түрмөдөгү шарттар жана ага карата жасалып жаткан мамилелер тууралуу пикирлерин билдирди.

Exit mobile version