Марал Радиосу

Нарында дарыяга чөккөн 8 жаштагы баланы издөө иштери уланууда

Нарында дарыяга чөккөн 8 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

7-март күнү Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2013-жылы туулган Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткен.

Бүгүн, 3-апрелде издөө иштерин улантуу үчүн Нарын шаардык №16 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 5 киши тартылган.