Марал Радиосу

Бишкекте 4-апрелде жылуулук берүү токтотулат

Бишкекте эртең, 4-апрелде жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Жылуулук берүү убактысы күндүн табы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон мезгилден баштап аяктайт.

Бишкек шаарынын ЖЭБине, «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коомуна, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына жана ведомстволук отканалардын жетекчилерине имараттарды жылуулук менен камсыз кылуучу жабдууларын өчүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырылды.