Бишкек шаарына эл аралык стандарттагы заманбап клиника салынат. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Фонддун айтымында, Кыргызстанда жаш балдар арасында жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыккандар көп катталып жатканын, алар заманбап сапаттуу жардамга тейлөөгө муктаж экенин эске алып, балдарга кардиохирургиялык клиника салып берүү чечимине келишкен.

Клиникага бөлүнгөн инвестициялык каражаттын бир бөлүгү Орусия, Түркия, Германия жана Кыргызстандан тажрыйбалуу адистерди тартууга сарпталары белгиленген маалыматта. Жалпысынан ооруканада 60 жумушчу орун түзүлөт.

Жогорку технологиялык жабдуулары бар, жогорку квалификациялуу адистердин башын бириктирген болочок ооруканада жүрөк-кан тамыр ооруларын изилдөө, аныктоо, дарылоо, ошондой эле чоңдор үчүн жана балдар үчүн татаал операцияларды жасоо иштери жүргүзүлөрү айтылган.