Марал Радиосу

Оштун Даңги тилкесине чакан ГЭС куруу долбоору иштелип жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарында Даңги тилкесине курула турган чакан ГЭСтин долбоору менен таанышты.

Бул аймакка чакан ГЭС курулса, Ош шаарынын бир бөлүгүн таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилери айтылган.

Акылбек Жапаров долбоорду жактырып, укуктук жана документациялык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын белгилеген.

Министрлер кабинетинин төрагасы андан тышкары Кара-Суу районунун тургундары менен да кездешип, өкмөттүн учурда жасап жаткан иштери боюнча маалымат берген.