Марал Радиосу

Доллардын төмөндөп кетишинин себептери жана алдыдагы божомолдор

Акыркы күндөрү доллардын куну төмөндөп, сомдун баасы көтөрүлүүдө. Көп убактан бери 85 сомдун тегерегинде болуп турган доллар орус-украин согушунун таасиринде эки апта ичинде 107 сомго чыккан. Соңку 3-4 күндө кайра төмөндөп, учурда 79 сомдон болууда. Доллардын куну эмне үчүн түшүп кетти? Алдыда кайра көтөрүлүшү мүмкүнбү? Кыргызстандагы валюта саясатынын божомолдоруна кененирээк токтолобуз.

Батыш өлкөлөрү Орусияга көптөгөн санкцияларды киргизе баштаганда, коомчулукта «доллар кымбаттайт» деген сезим пайда болуп, дүрбөөн башталган. Буга байланыштуу баары доллар сатып ала баштаганын экономист Кубан Чороев айтып берди.

Ошол кезде сомго суроо-талап аз болуп, долларга суроо-талап көбөйүп кеткен. Бүгүнкү күндө абал бир аз турукташып калгандан кийин элге кайра сом керек боло баштады. Бирок сомдун көлөмү экономикада азайып кеткен. Ошол себептен сомго суроо-талап көп болуп, ал эми элдин колунда доллар эле бар болгондуктан, сомдун наркы көтөрүлүп жатат.

«Кечээ жана бүгүн Улуттук банк 20 млн долларга жакын интервенция жасады. Тагыраагы, 20 миллиондун тегерегинде доллар сатып алып, сомду кайра экономикага киргизип жатат. Ошол себептен Улуттук банк жакын арада бир нече жолу интервенция жасайт, андан кийин мурунку валюталык рынокко келип калат».

Ал жакын арада экономикалык активдүүлүк көбөйгөн сайын доллардын куну да өсө баштаарын кошумчалады.

Доллардын төмөндөшү ички жана сырткы факторлорго байланыштуу болуп жатканын экономист Муратбек Исмаилов түшүндүрдү. Ички фактор дегенде жылдын башында доллар көтөрүлгөндө Улуттук банк 10 млн доллардай рынокко интервенция жасаган. Ал эми сырткы фактор катары экономист Орусия сыртка экспорттоочу газ жана мунайын рубль менен сата баштаганына байланыштырды. Анын артынан дүйнөдө рублга көбүрөөк көңүл бурулуп, натыйжада сомго да суроо-талап көбөйө баштаганын билдирди. Эгерде Европа өлкөлөрү Орусиянын газын жана мунайын рубль менен сатып алуудан башка жолдорун тапса, анда кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

«Орусия жана Батыш өлкөлөрү арасында соода багытында түшүнбөстүктөр болуп жатат. Мындай кырдаал Орусиянын «газ менен мунайды рубль менен сатабыз» дегенинен келип чыгып жатат. Булардын таасири бизге да тийди. Доллар кайра көтөрүлөбү же жокпу, айта албайм. Бирок азыркы тапта реалдуу курс болбой, ажиотажга гана негизделген курс болуп жатат. Корректировка болот болушу керек. Бирок качан болору белгисиз».

Ошондой эле ал аймактык валюталарга өтүү Кыргызстанга пайдасыз экенин айтып, азыркы дүйнөлүк экономика доллар менен жүрүп жатса, келечекте да доллар менен кете берерин кошумчалады.

Дагы бир экономист Азамат Аттокуров да аймактык валютага өтүү жөнүндө сөз кылып, Орусия менен рублга өтүү мүмкүн эместигин эскертти. Себеби Орусияда санкциялар дагы да күчөйт жана рублдик инфляция күчтүү болуп турат. Буга байланыштуу экономист аймактык валюта юань болушу мүмкүндүгүн кошумчалап, бирок ага Кытай кызыкпасын айтты. Орусия менен Кыргызстан жакын арада Кытай менен соодалашууда юанга өтөрүн божомолдоду. Мындан сырткары Аттокуров доллардын куну алдыда дагы көтөрүлөт деп эсептейт.

«Доллар алдыда дагы көтөрүлөт. Себеби акыркы күндөрү Улуттук банк 14,5 млн долларга интервенция жасады. Бирок эсептик ченди 14%га көтөрүп койду. Эгерде эсептик ченди 8%га түшүрсө, анда доллар кайра көтөрүлүп баштайт. Ошондуктан эсептик ченди сөзсүз түшүрүү керек. Андан кийин Улуттук банк доллар сатып ала баштаса, анда доллардын куну кайра көтөрүлөт».

Кечээ 31-мартта Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев дүйнөдө жаңы каржылык тартип – аймактык валюталардын доору башталып жатканын билдирди. Ал дүйнө ойгонуп, резервдик валюталарга ишеним төмөндөп баратканын, андыктан ири державалар каржынын жаңы тартибин сүйлөшүүгө аргасыз болорун айтат. Ошондой эле келечекте учурдагы негизги дүйнөлүк резерв болгон евро менен доллардан баш тартуу реалдуу кадамга айланарын эскертти.

Ал эми экономисттер муну четке кагып, доллар жоголуп кетпесин белгилешүүдө. Кээ бирлери аймактык валютага өтүү мүмкүн десе, башкалары Кыргызстан үчүн пайдасыз дешүүдө.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин жаратылыш газын «дос эмес өлкөлөргө» орус рублинде соодалай турганын жарыялаган. Бирок Европа өлкөлөрү буга макул эмес.

Бүгүн, 1-апрелге карата доллар менен евронун баасы дагы төмөндөгөнү байкалды. Өлкө банктарында доллардын курсу 79 сомдон башталып, сатуу 81 сомдон болууда. Евро 88 сомдон сатып алынып, 90 сомдон сатылууда. Ал эми рублдин баасы бир аз көтөрүлгөн, айрым жерлерде 1 сом 4 тыйын болууда.

Exit mobile version