Марал Радиосу

Тоң: Менчикке чыгарылган бала бакча мамлекетке алынды

Тоң районунда менчикке өтүп кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тоң райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө 2005-жылы Дөң-Талаа айылындагы бала бакча чарбагы менен кошо ошол айылдын тургуну К.С.га сатылып кеткени аныкталган.

Коомдук имаратты мамлекетке кайтарып алуу үчүн райондук сотко кайрылган прокуратуранын арызы толук канааттандырылган.

Менчикке өтүп кеткен бала бакчанын учурдагы баасы 3 млн 670 миң сом болот.

Exit mobile version