Марал Радиосу

Доллардын курсу түшүп, рубль жогорулап жатат

Бүгүн, 1-апрель саат 10:00гө карата өлкө банктарында доллардын курсу 79 сомдон башталып, сатуу 81 сомдон болууда.

Улуттук банктын расмий курсу 1-апрелге карата 82 сом 46 тыйын деп белгиленген.

Евро 88 сомдон сатып алынып, 90 сомдон сатылууда.

Рублдин баасы бир аз көтөрүлгөн, сатып алуу — 0,92-0,95 сом, сатуу — 0,97, айрым жерлерде 1,043 сом болууда. Улуттук банктын расмий курсу боюнча рубль 0,99 сом.