Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмад Абдалла Салех Аль-Сулайтини кабыл алды.
Акылбек Жапаров кыргыз-катар кызматташтыгы өнүгүп жатканын, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну дагы да кеңейтүү үчүн зарыл шарттар бар экенин айтты.
«Биздин мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Биз соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө кызыкдарбыз. Экологиялык таза продукцияны өндүрүүчү катары Катарга эт азыктарын, кургатылган мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, жаңгактарды, бал жана башка бир катар продукцияларды экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдарбыз», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Жолугушууда 2022-жылы жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу да сөз болду. Анын ичинде Кыргызстандагы медициналык мекемелерди куруу маселесине бурулду.